Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Улуу Британия “Капитал банкка” жана анын директоруна санкция салды

0

Улуу Британия “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция салды. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирди. Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржа да Улуу Британиянын санкциясына илинди.

Financial Times эл аралык басылмасы Garantex жана анын уландысы Grinex жөнүндө быйыл 25-июнда жазып чыккан. Басылма анда Grinex аттуу криптобиржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдаган. Аянтчада соодаланып жаткан A7A5 аттуу токен, башкача айтканда криптовалютанын түрү ошол эле убакта Кыргызстанда расмий түрдө жүгүртүүгө чыкканы баяндалган.

Журналисттер Grinex’теги капчыктарды жана алып-сатууларды анализдөөнүн жыйынтыгында, биржа ачылгандан берки төрт ай аралыгында анда 9 млрд 300 млн долларлык токен айлантылганын эсептеп чыгышкан.

Улуу Британия бул маалыматты бышыктап, сөз болуп жаткан криптобиржа Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкцияларды айланып өтүү үчүн иштелип чыкканын кошумчалады.

Лондондон санкциялык тизмесине бул финансылык схемага тиешеси бар делген GRINEX LLC, CJSC Tengricoin, Old Vector LLC, Altair Holding SA, A7A5 стейблкоиндин директору Леонид Шумаков жана Назарбек Жанышбек уулу аттуу адам да киргизилди.

“Капитал банк” Орусиягы салынган санкцияларды айланып өтүүгө байланыштуу операцияларга тиешеси жок экенин, банктын иши Кыргызстандын мыйзамдарына, ошондой эле финансылык жөнгө салуу жана сактоо боюнча эл аралык талаптарга ылайык келерин маалымдады.

Жакында эле АКШнын Финансы министрлиги да Grinex аттуу криптобиржага санкция салган.Financial Times басылмасы Grinex’тин артында теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген Илан Шор турарын кабарлаган.

Май айында президент Садыр Жапаров “Капитал банк” мамлекеттин, Каржы министрлигинин көзөмөлүндө иштей турганын айтып “Орусияга санкцияны кыйгап өтүгө жардам берет” деген сөздөрдү четке каккан. Ал эми август айында берген маегинде Батыш өлкөлөрү Орусияга салган санкциялык товарлар Кыргызстан аркылуу өтүп жатканы тууралуу бир да факты жок экенин, тескерисинче, Орусияга санкция киргизген мамлекеттер өздөрү бул өлкө менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар экенин айткан. Ошондой эле “Илан Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин” деген.

Илан Шор Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү боюнча жумушчу топтун курамына кирген. Ал Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России