Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Кыргызстанда мал-жандыкты сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды

0

Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол коюп, ал ушул эле күнү күчүнө кирди. Мындай чечим, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, эттин баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.

Мелдештерге катышуу үчүн даярдалган, чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке берилүүчү жылкылар сыртка чыгарыла берет.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилип, 620-690 сомго чейин деп белгиленди. Бирок социалдык тармактарда базарларда, соода түйүндөрүндө азыр деле эт мындан кымбат сатылып жатканын жазышууда.

20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдиновду, Ветеринардык кызматтын директору Улугбек Кожобергеновду, министирликтин (М.Э.У.) жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысын (Н.у.Б.), андан тышкары мал-жандыкты сыртка экспорт кылууда ортомчу болгон делген адамдарды кармаган.

Атайын кызмат аларга мал-жандыкты чет өлкөгө сатууга бөлүнгөн квоталарды тааныш-туунуштарына жасап берип, коррупциялык схеманын айынан 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусу аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз чыгарылып кеткенин жана бул эттин кымбатташына себеп болгонун кабарлаган.

Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен азырынча иштин жагдайларын ачыктоо мүмкүн эмес экенин, бирок министрликтин кызматкерлери милдеттерин так жана кынтыксыз аткарууга дайым аракет кылып келатканын билдирген. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России