Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

ОСАГО албаган 3 миңден ашык айдоочуга айып салынды

0

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-июлдан бери автоунаасына милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) албаган 3 410 айдоочуга протокол толтуруп, айып салды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.

Алардын көбү жеке жактар болгондуктан, 3 миң сомдон айыпка жыгылган.

Мекеме ушул тапта камсыздандыруу полисин албаган айдоочуларга массалык рейддик иш-чаралар өткөрүлбөгөнүн, айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулганда гана камсыздандыруу полиси кошо текшерилип жатканын кошумчалады.

2025-жылдын 1-январынан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынып баштамак. Бирок былтыр декабрь айынын соңунда Министрлер кабинети бул мөөнөттү 2025-жылдын 1-июлуна чейин жылдырган болчу. 1-июлда мыйзам күчүнө кирип, иштеп баштаган.

Июнь айынын аягында полис алууда кезек узарып, машинесин камсыздандыра албай жаткандар арасында талкуу күчөгөн. Башында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО 1-сентябрга чейин узартылганын айтып, кийин Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы аны четке каккан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кийин бул боюнча түшүндүрмө берип, “мыйзам иштеп баштаганын, айып пул салса болорун, бирок инспекторлор көбүнчө айдоочуларга эскертүү берип жатканын” билдирген. Мекеме өкүлдөрү 1-сентябрга чейин “өткөөл убакыт” экенин тактап, андан соң айып пул салынарын ырасташкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 1 млн 762 миң машине катталган. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России