Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Өкмөт “Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкарууну узартты

0

Кыргыз өкмөтү Бишкектеги “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомуна киргизилген сырткы башкаруунун мөөнөтүн 2025-жылдын 8-ноябрына чейин узартты. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтом 28-августта күчүнө кирет.

“Кум-Шагыл” ишканасына өкмөт биринчи жолу 2024-жылы 29-февралда убактылуу сырткы башкаруу киргизип анын мөөнөтүн улам-улам узартып келатат.

Былтыр 27-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы “Кум-Шагыл” заводу 17,7 гектар жери менен мамлекетке кайтарылганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен 2004-жылы “Кум-Шагыл” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталган. Жыйынтыгында 1 млрд 953 млн сомго бааланган 17,7 гектар жер мамлекетке алынган.

Бул маалыматтан кийин “Кум-Шагыл” заводунун директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Мамбеталиев 46 акционердин бири да ишкананы, анын жабдууларын мамлекетке алып коё тургандай мыйзамга каршы иш кылбаганын айткан. Ал өндүрүш комплекси карьер үчүн дайыма ижара акысын төлөп келгенин жана эч качан менчиктештирбегенин билдирген.

Бишкектин 12-кичирайонундагы кум-шагыл чыккан карьер советтик доордо 1968-жылы ачылып, Аламүдүн кум кени деп аталган.

1985-жылы Бишкек шаардык кеңеши (ал маалда Фрунзе) бул ишкана “шаардын абасын булгаган негизги булак” экенин белгилеп, турак үйлөр жана эс алуу зоналары жайгашкан жерде андай объект болбошу керек деген негизде жапкан.

Карьерди казуу иштерин 1999-жылы Бишкектеги курулуш материалдарын чыгарган “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому кайра жандандырган. Ошол кезде жылына он миңдеген тонна кум, шагыл, бетон жана башка материалдар тездик менен кеңейип бараткан Кыргызстандын баш калаасындагы курулушту камсыздап турган.

“Кум-Шагылдын” лицензиясы 2025-жылга чейин жарактуу болчу. Бирок былтыр февралда Бишкек мэриясы жана президенттин администрация жетекчиси күч түзүмдөрүнүн колдоосу менен карьерди жаап, заводдун ишин токтоткон.

16 гектар жерге “Кум-Шагыл” жабык акционердик коому “кызыл китеп” алып, асфальт-бетон заводу иштеп турган. 2024-жылы январь жана февраль айларында “Кум-Шагылдын” жумушчулары бир нече күн нааразылык иш-чараларын уюштуруп, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Бирок бир айга жетпей Бишкек мэриясынын жана президенттин иш башкармалыгынын көзөмөлү алдында карьер кайра ачылып, заводдун иши жанданган. Алар өкмөттүн сырттан башкаруу киргизүү тууралуу токтомунун негизинде тилкени өз карамагына алган.

Буга чейин “Клооп” басылмасы 12-кичирайондогу карьер жана “Кум-Шагыл” заводу тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России