Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Жапаров Кумтөрдүн кору түгөндү деген билдирүүсү тактикалык жүрүш болгонун айтты

0

Президент Садыр Жапаров Кумтөр алтын кенинде дагы 40-50 жылга жетерлик алтын кору бар экенин билдирди. Бул тууралуу президент “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинди айтты.
Ал 2020-жылы октябрдан соң өкмөт башчылыгына бекитилип жаткандагы парламент жыйынында Кумтөрдө алтын кору түгөнгөнү тууралуу билдирүүсү тактика болгонун, алтын кендин корунун мол экенин ошондо эле билгенин шардана кылды. Муну Жапаров президенттик шайлоо алдындагы жүрүш менен байланыштырган:

"Алдыда шайлоо турат эле. Мурда «Кумтөрдү алышыбыз керек» деп түрмөгө түшүп, анан түрмөдөн чыгып шайлоого бара жатып ушул сөздү айтыш бул деген — 15-20 пайыз добушту жоготуу дегендик. Айла жок, бирок айттым. Биринчиден, шайлоого жетпей калышым мүмкүн эле. Экинчиден, эгер мен ошол учурда "Кумтөрдү алабыз" дегенимде, анда чет өлкөлүктөр баарын ташып чыгып кетип, Кумтөр токтоп калмак. Баарын талкалап кетишмек. Ансыз деле аларыбызга бир апта калганда аларга маалымат жетип калып, электрондук башкаруу системасын талкалап кетишти. 2-3 айдан кийин араң кайра калыбына келтирдик", - деген президент.

Садыр Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу ишин тымызын жүргүзгөнүн, эми анда дагы 40-50 жылга жетчүдөй алтын кору бар экенин кошумчалады.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштеткен Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алган. Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26% өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
Азыр “Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кумтөр” компаниясынын жалгыз акционери жана 100% акциясына ээлик кылат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России