Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Кытайда кармалган казак жаранынын жакындары бийликке кайрылды

0

Бир ай мурда Кытайда кармалган этностук казак Алимнур Турганбайдын үй-бүлөсү 29-августта Алматынын акимчилигинин алдына келип, Казакстандын бийлигин аны мекенине кайтарууга чакырышты.

Кызы Риза Алимнур: «Алимнур Турганбайга боштондук!» - деп кыйкырып, атасынын портретин көтөрүп турду.

«Атам жалган жалаа менен 38 күндөн бери Кытайда темир тор артында жатат. Бул мезгилде биз андан бир да маалымат алган жокпуз. Бизге кош жарандык тууралуу жалган айып тууралуу гана айтышты. Биз ага макул эмеспиз. Алимнур Турганбайды үйүнө кайтарууну өтүнөбүз. Аны бейкүнөө эле камап коюшту, ал Казакстандын жараны», — деди кызы.

Акимчиликтин кызматкерлери жана полициячылар Риза Алимнурга тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуп жатканын, жоопко тартылышы ыктымал экенин эскертишти.

Акция тартылган видеодо акимчиликтин өкүлдөрү Ризага плакатын жыйнап, имаратка кирүүгө чакырып жатканын көрүүгө болот.

Риза Алимнур: «Ким кабыл алат? Буга чейин бул маселе менен алектенген киши жок дегенсиңер. Биздин арыз-муңду угуп койдуңар беле? Атамды бошотмойунча, плакатты жыйнабайм», - деп жооп берди.

Казакстандагы адам укуктары бюросунун маалыматына караганда, Турганбайдын жакындары ушуну менен сегизинчи жолу көчөгө чыгып, бийликтин көңүлүн бурууга аракет көрүүдө.

Мурдараак анын аялы, кызы, жана карындашы Кытайдын консулдугунун жана Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн алдына чыккан.

Аларды кармап, тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду деген негизде айып пул салышкан.

Казакстанга Кытайдан 2016-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келип, 2017-жылы казак жарандыгын алган Алимнур Турганбай быйыл июлда казак-кытай чек арасынан өткөндө кармалган. Ал Шинжаңга жүк машине менен кирип, товар жүктөп кайтууну көздөгөнүн туугандары айтып жатышат.

Аялы Гүлдария Шеризаткызы Кытайдын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана Казакстандын мамлекеттик органдарына кайрылып, күйөөсүнүн кай жерде экени тууралуу маалымат берүүнү өтүнгөн.

12-августта Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Турганбай кытай жараны деп саналарын, кош жарандуулукту Бээжин тааныбасын билдирген. Ага кандай айып тагылганы тууралуу расмий маалымат жок.

Үй-бүлөсү анын кош жарандыгы бар экенин четке кагып, 2017-жылы баары казак жарандыгын алганын, 2018-жылы Кытайдын бийлиги аларды каттоодон чыгарганын билдирип жатат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России