Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы Жалал-Абадда белгиленди

0

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү быйыл расмий 30-августта Жалал-Абад облусунда белгиленди.
Эгемендик күнүн майрамдоонун алкагында президент Садыр Жапаров 29-30-августта Ош жана Жалал-Абад облустарында мектептердин ачылышына катышып, Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу үйлөрдүн ачкычын ээлерине тапшырды. Андан тышкары Ош облусундагы Өзгөн-Мырзаке-Кара-Кулжа жолунун ачылышы болду.

Ошондой эле 30-август күнү президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана шаардык мэриянын жаңы административдик имаратынын ачылышы болду.

Кечинде президент баштаган жетекчилер Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына арналган гала-концертке катышты.
Иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолун чагылдырган даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды.
Андан соң 600гө жакын артисттин катышуусунда «Келечектеги Кыргызстан» аттуу театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү.
Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө Көз карандысыздык майрамы жыл сайын ар кайсы облустарда белгиленип келе жатканын, мурда берекелүү Чүй өрөөнүндө, андан соң байыркы Ош шаарында өткөрүлүп, эми гүлдөп-өнүгүп жаткан Жалал-Абад шаарында өткөрүлүп жатканын айтты.
Мындан тышкары, ал Түрк мамлекеттер уюму Жалал-Абад шаарын 2025-жылга карата "Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору" деп жарыялаганын белгиледи.
Президент ошондой эле өткөн жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жүздөн ашык социалдык жана өнөр жай объектилери пайдаланууга берилгенин, Көз карандысыздыктын 34 жылдыгына карата дагы 100 социалдык жана 60тан ашык өндүрүш объектилери ишке киргизилгенин кошумчалады.
Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында токой чарбасына 30 автоунаа берилди. Мындан тышкары, өлкөнүн бардык айыл аймактарына лизингге автоунаалар тапшырылды.
Кече чет элдик жана жергиликтүү эстрада ырчыларынын концерти менен аяктады.

Жалал-Абад шаарында негизги майрамдык иш-чаралар 30-августта өттү. Жер-жерлерде оюн-зоок, иш-чаралар 31-августта болот.
Быйыл Кыргызстан көз карандысыздыктын 34 жылдыгын белгилеп жатат. (KS)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России