Добавить новость
103news.com
World News
Август
2025

Президент Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда ондон ашык документке кол коюлду

0

Президент Садыр Жапаров 31-августта Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Тяньцзинь шаарында жолугушту.

Тараптар ШКУнун алкагындагы өз ара кызматташтык, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана чек ара пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле финансылык, маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо боюнча пикир алмашты.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, өлкөгө гүлдөп-өсүү жана бакубатчылык каалады. Ал өнүгүү стратегияларын тереңдетүүгө жана модернизация жолунда бирге болууга даярдыгын билдирди.

Жапаров Кытай тарап Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки күндөрдөн тарта өлкөгө тынымсыз көңүл буруп, экономикасын өнүктүрүүгө үзгүлтүксүз жардам берип келе жатат деп ыраазычылык билдирди.

Жапаров Си Цзиньпинди 2026-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды. Кытай тарапты Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан бир катар ири инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды. КЭР төрагасы кытай компанияларын "Тамчы" атайын каржы-инвестициялык аймагын жана "Ала-Тоо Резорт" туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн кызыкчылыктарына негизделген стратегиялык өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

1. Кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;

2. "Бедел" автомобиль өткөрүү пунктун куруу жана техникалык жабдуу" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жүргүзүү жөнүндө макулдашуу;

3. Кытайга экспорттолуучу кургатылган жемиштерге карата инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протокол;

4. «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын Бишкек райондук диспетчердик борбору менен Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын Шинжаң аба кыймылын уюштуруу бюросунун Үрүмчү райондук диспетчердик борборунун ортосундагы макулдашуу каты;

5. «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жол долбоорундагы Кыргызстандын үлүшүн каржылоо үчүн жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө ниет кат;

6. Чүй облусу (Кыргыз Республикасы) менен Ганьсу провинциясынын (Кытай) ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө меморандум;

7. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы адам ресурстарын өнүктүрүү жаатында кызматташтыкты чыңдоо боюнча меморандум;

8. Улуттук телерадиокорпорациясы менен Кытайдын медиакорпорациясынын ортосунда гуманитардык алмашуу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү ниети жөнүндө протокол;

9. УТРК менен "Синьхуа" маалымат агенттигинин ортосундагы жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча меморандум;

10. Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) менен Кытайдын Базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча башкы мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Президент Жапаров Кытайга иш сапары менен 31-августта барды. Анын жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России