Добавить новость
103news.com
World News
Сентябрь
2025

Жогорку Кеңешти таркатуу сунушу бүгүн каралат

0

Бүгүн 25-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйынга спикердин орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана аппараттын жетекчилери катышканын парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Спикер эгемен кыргыз тарыхында биринчи жолу Жогорку Кеңештин депутаттары өзүн-өзү таркатуу демилгесин көтөрүп жатканын белгилеп, аталган маселе бүгүнкү жыйында добушка коюларын билдирди.

Сунуш парламенттин 25-сентябрдагы күн тартибине 33-маселе болуп киргизилди.

23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети парламенттин өзүн-өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушун колдогон. Демилгечи 32 депутаттын бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, "мамлекеттин туруктуулугу жана стабилдүүлүгү үчүн" ушундай кадамга барып жатышканын белгилеген. Ал кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айына, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылган.

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60 депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Шайлоо болжол менен быйыл 30-ноябрда өтөрү айтылууда.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыкка” маек куруп, эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген. (КЕ)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России