Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2025

Бишкек: Депутаттар менен Муниципалдык инспекция башчысы кайым айтыша кетти

0

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында шаардык Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков менен калаа депутаттарынын ортосунда кайым айтышуу болду. Сессияда инспекциянын ишмердиги тууралуу маалымат берилип жаткан.

Депутат Казыбек Эргешов бул мекеменин ишине канааттанбаганын билдирип, шаардын көп жеринде дагы эле таштанды жатканын айтты.

“Сиз социалдык тармактарга Муниципалдык инспекциянын жемиштүү иши тууралуу маалымат чыгарасыз. Бирок иш жүзүндө андай нерсе жок. Сиздин отчетуңузда да көрүнүп тургандай, акыркы үч айда жыйынтык артка кетиптир”, - деди Эргешов.

Таалайбеков мындай пикирге макул эместигин билдирип, соңку үч айда түзүлгөн протоколдордун саны 20% көбөйгөнүн белгиледи.

Депутаттын социалдык тармактар боюнча сынына “анда жалпыга маалымдоо каражаттарын көрбөй эле коюңуз” деп жооп берди.

Депутат Кубанычбек Конгантиев сөз алып, депутаттардын суроосуна гана жооп берүүгө чакырып, Таалайбековдун аракети “анын жетекчилигине жана депутаттык корпуска карата жол берилгис” экенин белгиледи.

Депутаттар Таалайбек Сариев жана Нурзат Токтосунова Таалайбековдун суроолорго кыргыз тилинде жооп беришин талап кылып, ал “мыйзам боюнча эки тилде тең сүйлөөгө укугу бар” экенин айтты.

Жыйында депутаттар Муниципалдык инспекциянын отчету толук иштелип чыкпаганын негиз келтирип, аны кийинки жыйында кароого калтырды.

Мурда Бишкек шаарынын жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери болуп иштеген Мирлан Таалайбеков июль айында инспекциянын жетекчиси болуп дайындалган. Ал ишкананын ишмердиги, жүргүзгөн рейддик иш-чараларды социалдык тармактарга байма-май жарыялап турат.

Бишкек шаарында Муниципалдык инспекция былтыр февралда түзүлгөн. Ал калаада абанын сапатын, тазалыгын, транспорттун экологияга тийгизген таасирин, ошондой эле жарандардын тазалыкты сактоосуна байланыштуу маселелерди көзөмөлдөө укуктарына ээ. Мекемеге 131 штаттык бирдик каралган, учурда 24 кызматкер иштейт.

Бир жыл мурда да Интернетте Таалайбеков менен Эргешов тартылган видео тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Анда Таалайбеков патрулдук милициянын кызматкери катары Эргешовдун машинасында терезесин караңгылатууга тийиштүү уруксаты жок экенин билдирген жана чапталган кара пленканы айнегинен сыйрытып таштаган. Депутат аны "акылсыз" деп атаган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России