Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2025

Бишкекте чыгырык тепкендерге кошумча талап коюлат

0

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада электр чыгырыктардын жүрүшүнө жана колдонууга бир катар чектөөлөр кире турганын билдирди. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, шаардык кеңештин кароосуна киргизилди.

Мында өз алдынча башкаруу органдарына чыгырыктарды жайгаштыруу, колдонуу, сактоо жана башка чектөөлөрдү киргизүүгө укук берилет. Ошондой эле чыгырыктарды токтотуу үчүн атайын жайлар аныкталып, тартипке салынат. Мындай чара жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратпай, алардын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилип жатканы жазылган.

Мэрия ошондой эле Министрлер кабинетинин быйыл 7-апрелде чыгарылган токтомунда чыгырыктардын ылдамдыгы 25 км/сааттан ашпашы жана ал жалпы колдонуудагы жайда үч сааттан ашык турбашы керектиги жазылганын белгиледи. Бул чектелген убакыттан көпкө туруп калса, жергиликтүү бийлик аны башка жерге ташып кетүүгө укуктуу болот.

Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын быйыл июлдагы маалыматына караганда, Бишкекте алты айда чыгырыктын айынан 179 кырсык катталган. Андан 192 адам жаракат алган. Сентябрда бул каражатты колдонууга тыюу салуу үчүн кол чогултуу жүрүп, аны 7 миңдей киши колдогон. Анда Бишкектеги шарт чыгырыктарды колдонууга даяр эмес экени, мунун айынан жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканы айтылган.

Кайгуул-күзөт башкармалыгынын башчылыгы 1-июлда электрондук чыгырык (самокат) жана башка мобилдик жеке унааларды ижарага берген компаниялардын жетекчилери менен жолугушуп, борбор калаада чыгырык жана жеке мобилдик унаадан кырсыктап, жабыркаган адамдар көбөйүп жатканы тууралуу маалымат берилип, аны алдын алуу чаралары талкууланган.

Соңку бир-эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйдү. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонундагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России