Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2025

Ак-Ордодогу окуя: Маркумдун жубайы шектүүнү тааныганын айтты

0

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 34 жаштагы маркумдун жубайы анын күйөөсүн жана кайын эжесин өлтүргөн деген шек менен кармалган 19 жаштагы баланы тааныганын билдирди. Бул тууралуу милицияга айтып берген видеосун Ички иштер министрлиги (ИИМ) социалдык тармактардагы баракчаларына таратты. Видеодо кош бойлуу келин окуя кандай болгонун, үч баласы менен үйдөн кантип качып чыкканын айтып берген.

“Биз ал күнү кечки саат 11лерде уктап калганбыз. Күйөөм кичүү кызымды колуна жаткырып төр жакта жаткан. Күйөөмдүн кыркыраган үнүнөн ойгонсом, баягы (ред: шектүү) жолдошумдун үстүнө отуруп алып бычактап атыптыр. Биринчи беткапчан болчу. Жолдошум беткабын чечти. Экөө алышып кетип, эшик жакты көздөй жөнөгөндө мен колума тийген телефон менен 102ге чалдым”, - деди ал.

Ал ошол кезде шектүү экинчи кабаттан түшүп келген кайнежесин да бычактаганын, окуя болуп жатканда үч баласы менен терезеден качып кетүүгө үлгүргөнүн кошумчалады. Кызы “апа, сен дагы чык” деп болбой койгонун, ушундан улам өзү да качып кетүүгө аргасыз болгонун кошумчалады. Ал шектүүнү ал эмес кызы да тааныганын айтты.

Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 19 жаштагы адам 7-октябрда кармалды. Ички иштер министрлиги кылмыш ишинин айрым жагдайларын ачыктап, 34 жаштагы эркек кишиге 18, анын 38 жаштагы эжесине 11 жолу бычак сайылганы аныкталганын билдирди.

Бул тууралуу расмий маалымат чыга электе шектүүнү кармоо учурунда тартылган сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап, интернет колдонуучулар ал буга чейин тараган видеодогу адамга окшош эмес экенин жазып чыгышкан.

Министрликтин расмий маалыматына ылайык, шектүү Ички иштер министрлигинин коомдук жайларда орнотулган “Коопсуз өлкө” долбоорунун тутумуна кошулган адамдын жүзүн тааныган камералардын жардамы менен кармалды. Шектүүнүн кайсыл жакта жүргөндүгү боюнча маалыматтар такталып, Бишкек шаарынын аймагында жана Ысык-Көл облусуна чейинки аралыктагы видео камералар текшерүүгө алынган. Окуя болгон үйдөн далил буюмдар алынып, сыртта турган автоунаанын жүк ташуучу жеринен көп суммадагы акча табылган.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын, ал “Дөө Чыңгызды” акыркы сапарга узатуу зыйнатына да катышканын жазды.

Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өмүрүн алган окуя 3-октябрга караган түнү болгон. Ынтымак көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине түн катып кирген киши эки бир тууганды, 38 жаштагы аял менен 34 жаштагы эркекти бычактап өлтүргөн. Кылмыш болгон үйдөн маркумдун жубайы үч баласы менен качып чыгууга үлгүргөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси – “Адам өлтүрүү” менен кылмыш иши козголгон. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России