Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2025

Ташиев Манас шаары келечекте борбор болуп калышы мүмкүндүгүн билдирди

0

Жалал-Абад аталышынан Манас аталышына өзгөргөн шаардын аты жазылган стела 11-октябрдын кечинде расмий түрдө ачылды. Ага катышкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев шаарды Манас деп атоонун себептерине токтолуп, бул стратегиялык максаттарга ылайык келерин билдирди.

Ташиев мунун алдында мектеп мугалимдери менен жолугуп, анда Манас келечекте борбор болуп калышы мүмкүндүгүн айтты.

“Жалал-Абад буга чейин облустук деңгээлдеги шаар болгон. Эми биз Манас шаарын – Бишкек, Ош шаарларынын катарында республикалык деңгээлдеги үчүнчү шаар кылабыз. Айрым саясатчылар буга чейин Манас борбор болуп калышы мүмкүн экен” деп айтып жатышпадыбы. Аны келечек көрсөтөт. Эмне үчүн болбосун? Биз ошого татыктуу болсок, борбор болот кудай калааса. Анүчүн шаарыбызды даярдашыбыз керек, элибизди даярдашыбыз керек”, – деди Камчыбек Ташиев.

Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон. Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо жөнүндөгү мыйзамды Жогорку Кеңеш 10-сентябрда кабыл алып, президент Садыр Жапаров 17-сентябрда кол койгон. Мыйзам 27-сентябрь күнү мыйзам күчүнө кирип, ошол күн шаар күнү катары белгиленген.

Камчыбек Ташиев 18-сентябрда шаардын аталышынын өзгөртүлүшү тууралуу маегинде Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айткан. Ал Кыргызстандын борборун Манаска көчүрүү боюнча коомчулуктагы сөздөргө да комментарий берип, “Манас шаарын борбор кылуу боюнча жетекчилерде, саясатчыларда ой жок” экенин, “эгерде ушундай маселе көтөрүлө турган болсо аны эл чечиши керектигин” кеп кылган.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.

Быйыл 31-август – Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.

Манас шаарынын калкы 184 миңден ашат. (ErN)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России