Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2025

Садыр Жапаров Кыргызстан 2,5 жылда электр энергиясын импорттобой каларын айтты

0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттобой каларын 27-октябрда Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” ГЭСинин ачылышында билдирди.

Ал учурда өлкө боюнча 40ка жакын ГЭС жана Кара-Кечеге курулуп баштаган жылуулук электр борборунун курулушунун бүтүшү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн электр жарыгы жалпы керектөөнү жаба турганын белгиледи.

“Алдыда тарыхый мааниге ээ болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул кылым курулушун – улуттук масштабдагы долбоорду ишке ашырууда эл аралык каржы уюмдары биз менен кызматташууга даяр. Учурда биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууда бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Азыр даярдык иштери: жолдорду куруу, көпүрө салуу, электр кубатын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер жүрүп жатат. Буюрса, бул долбоордун ишке ашуусу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу түп-тамырынан өзгөрөт. Биз энергияны импорт кылган өлкөдөн кетип, экспорт кылган мамлекетке айланабыз”, - деди Жапаров.

Президенттин маалыматына караганда, “Кара-Көл” ГЭСИ боюнча инвестициялык макулдашуу 2023-жылы түзүлүп, сентябрда курулушу башталган. Курулуш мөөнөтүнөн беш айга эрте бүткөнүн, бул долбоорду “Жагалмай” компаниясы ишке ашырганын билдирди. Келишимге ылайык, компания өзү ГЭСти 15 жыл иштетип, кийин толугу менен мамлекетке өткөрүп берет.

Президент мамлекет бул тармакта инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, жергиликтүү ишкерлерди кызматташууга чакырды.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын кышындагы электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашып, өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд кВт/сааттан ашып түшөт. Ушундан улам Кыргызстан ортодогу таңкыстыкты жабыш үчүн жыл сайын Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. Бирок анын баасы ачык айтылбай келет.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России