Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2025

Жоомарт Карабаев сотто суракка алынып, күнөөсүз экенин айтты

0

27-октябрда Бишкек шаардык сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин апелляциялык арызы боюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, эксперт-лингвист Таалайбек Абдыкожоев соттук отурумга келбей калгандыктан ал өзү сурак бергенин билдирди. Жоомарт Карабаевдин маалыматына караганда, соттук коллегиянын курамында өзгөрүү болуп, судья Лейла Байдаеванын ордуна судья Урмат Маматкеримов курамга кирип, прокурор да алмашты.

“Суракта өзүмдүн эч күнөөсүз экенимди, билдирүүлөрүмдө эч кандай мыйзамсыз чакырыктар камтылбаганын жана ал билдирүүлөр ар башка мезгилдерде жарыяланганын, иш-аракетимде Конституциянын алкагынан чыкпаганымды, тергөө тарап жана Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери мени каматууга кызыкдар болгонун, эксперттик корутундулар бири-бирине каршы келгенин, ошондой эле тергөө тарап, эксперттер жана биринчи инстанциядагы сот Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузганын далилдеп бере алдым”, - деди ал.

Кийинки соттук жараян 6-ноябрга дайындалды. Жоомарт Карабаев 2024-жылдын июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” деген беренелери менен айып коюлган.

Төрт айдан кийин, 31-октябрда аны Бишкектин Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон.

Биринчи май райондук соту 2025-жылы май айында аны күнөөлүү деп таап, пробациялык үч жылдык жаза чегерген. Ошондой эле ага 50 миң сом айып пул салган. Буга каршы жактоочулар шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.

2025-жылы апрелде социалдык тармактарга Жоомарт Карабаев менен Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Жоомарт Карабаевге кызматтан өз арызы менен кетүүсү сунушталып, болбосо УКМКнын кызматкерлери аны камакка алары эскертилип жатканы айтылган. Айнуру Алтыбаева муну “жалаа жабуу” деп атаган.

Жоомарт Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Өзү “УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирген. УКМК буга байланыштуу комментарий берген эмес. (BTo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России