Добавить новость
103news.com
World News
Октябрь
2025

OCCRP: Интерпол Ринат Тухватшинди кармоо тууралуу өтүнүчтү четке какты

0

Эл аралык кылмыш полициясы уюму (Интерпол) "Клооп" медиасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшинди кармоого ордер берүү тууралуу Кыргызстандын өтүнүчүн четке какты. Мындай маалыматты 31-октябрда "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоору (OCCRP) сайтына жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Интерпол кыргыз тараптын өтүнүчүн "саясий максатты" көздөйт деп четке каккан.

OCCRP билдиргендей, Кыргызстан Интерполдон Тухватшинди кармоо үчүн "чукул ордер" берүүнү өтүнгөн, мындай ордер уюмга мүчө өлкөлөрдү издөөдө жүргөн адамды андан ары экстрадициялоо үчүн колго түшүрүүгө милдеттендирет.

Интерполдун коомчулук менен байланыш директору Сэмюэл Хиттин айтымында, уюмдун эрежелери анын системасын "саясий максатта колдонууга тыюу салат, Кыргызстандын өтүнүчү ошол себептен четке кагылды".

Интерполдун Тухватшин боюнча соңку чечими тууралуу маалыматка кыргыз бийлиги комментарий бере элек.

"Клооп" OCCRP глобалдык түйүнүнүн мүчөсү, бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон көз каранды эмес медиа.

Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Тухватшин Кыргызстандын Интерполго ал тууралуу кайрылуусун "куугунтук" катары мүнөздөп, эч кандай мыйзам бузбаганын билдирди.

27-октябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Клооп", "Темиров Лайв" жана "Айт Айт Десе" медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапкан. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган. Сотко мындай өтүнүчтү Октябрь райондук прокуратурасы берген.

2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланат.

Ринат Тухватшин коопсуздук чараларынан улам чет өлкөгө чыгып кеткени кийин маалым болгон.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигин жогоруда аталган медиа каражаттарын жана журналисттердин ишмердигин экстремисттик деп таануу боюнча соттун чечимин жокко чыгарууга чакырды.

Эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид бул чечимди бийликтин жогорку тепкичтериндеги коррупцияны иликтеген журналисттерге каршы жасалган иш катары баалады.

Президент Садыр Жапаров “Клооп Медиа” фондун жоюу боюнча Жогорку соттун чечимине комментарий берип, мыйзамдуу экенин айткан. Ал Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин белгилеген. (RK)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России