Добавить новость
103news.com
World News
Ноябрь
2025

Трамп Нью-Йорктун жаңы мэри менен Ак үйдө жолукту

0

АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йорктун жаңы шайланган мэри Зохран Мамдани менен Ак үйдүн сүйрү залында жолукту. Reuters жазгандай, эки саясатчы тең бири-бири тууралуу сын пикир айтып, идеологиялык көз караштары эки башка болгону менен алардын бул жолку баарлашуусу өтө сылык маанайда өттү.
Трамп жолугушуу өзү күткөндөн башка деңгээлде болгонун, Мамданинин айрым идеялары аныкы менен дал келерин жана ал жакшы иштесе "бактылуу болорун" белгиледи. Ошондой эле Мамданини "жихадчы же радикал" адам катары көрбөй турганын айтып, "Мен өтө акылдуу, рационалдуу адам менен тааныштым" деп билдирди.
Өз кезегинде Нью-Йорктун мэри бул шаардын тургундары үчүн кызмат кылууда биргеликте иштөөгө даярдыгы үчүн Трампка ыраазычылыгын билдирди.

4-ноябрда АКШнын бир нече штатында губернатор, мэр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо өткөн. АКШнын эң бай шаары Нью-Йоркко 34 жаштагы демократ-социалист саясатчы Зохран Мамдани мэр болуп шайланган.

Мамдани Угандада, теги индиялык үй-бүлөдө туулган. Апасы Мира Наир белгилүү инд-америкалык кинорежиссер, атасы Махмуд Мамдани инд тектүү угандалык окумуштуу. АКШга алар уулу жети жашында көчүп барышкан. Американын жарандыгын болочок мэр 2018-жылы алган, быйыл жыл башында теги сириялык Раме Дуважиге үйлөнгөн. Саясатка аралаша баштаганга чейин, ачык булактардагы маалыматка караганда, Мамдани ипотекасын төлөй албай калган жарандардын үй-жайынан ажыроосуна жол бербөө маселелери боюнча консультант болуп иштеген.
Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн Мамдани Нью-Йоркту кирешеси анча көп эмес адамдардын жашоосуна ыңгайлуу шаарга айландыруу урааны менен өткөргөн. Ал турак жай ижара маселесин жеңилдетүү, бекер ташый турган автобустарды жүргүзүү, арзан дүкөндөрдү жана бекер бала бакчаларды ачуу сыяктуу убадаларды берген.

Мамдани АКШнын ири шаарынын алгачкы мусулман жана 100 жылдан берки эң жаш мэри болду.

Мурда эч кимге белгисиз Мамдани социалдык түйүндөрдү активдүү колдонуп, Демократтар партиясынын активисттерин, жаш мүчөлөрүн өзүнө тарта алган жана шайлоодо Нью-Йорк штатынын мурдагы губернатору, партиянын жогорку жетекчилиги арасында фаворит болгон Эндрю Куомодон озуп чыккан. Добуш берүү күнүн утурлай Трамп Куомого колдоосун билдирген.(KS)







Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России