Добавить новость
103news.com
World News
Декабрь
2025

Чүйдүн мурдагы губернатору көп аялдуулукка шектелүүдө

0

Бишкек шаарынын У.Х. аттуу тургуну буга чейин жарандык никеде болуп, чогуу жашаган М.М. аттуу жаранга карата көп аял алуу фактысы боюнча чара көрүүнү суранып, милицияга кайрылды. Бул маалыматты шаардын Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.
Аймактык караштуулугуна ылайык иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинин (Эки аял жана көп аял алуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Анын алкагында бардык зарыл тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатканы жана жыйынтыгына жараша Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынары кабарланды.
Мунун алдында социалдык түйүндөрдүн Хабиби Уланова аттуу колдонуучусу Фейсбук баракчасына анын арызынын негизинде мурдагы жолдошу милицияга чакырылганын билдирип, аны менен баш кошкондо түшкөн деген сүрөттөрдү жарыялаган. Ортодо оорулуу баласы бар экенин жана ага атасы жардам бербей жатканын айткан.
Келин мурдагы күйөөсүнүн аты Мирбек Мияров экенин, ал Чүйдүн губернатору болгонун айтып келет.
Экс-губернатор өзү бул боюнча комментарий бере элек. Быйыл июль айында, окуя жалпыга жарыялана баштаганда өзүн Айсулуу Алтымышева деп тааныштырган келин Бишкекте пресс-конференция уюштурган. Ал 18 жылдан бери Мияровдун мыйзамдуу аялы экенин, жубайлар беш баланын ата-энеси болуп, азыр да чогуу жашашарын, Уланова алардын үй-бүлөсүн бузуп, экинчи аял болууга аракет кылганын айткан. Уланова төрөгөн уулга жардам иретинде жубайлар ага машина, батир сатып берип, сулуулук салонун ачып беришкенин кошумчалаган.
Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Коомчулукта көп аялдуулук темасы ачык талкууланып же иликтене элек. Ошондон улам маселени ачык көрсөткөн статистика жок. (КЕ)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России