Добавить новость
103news.com
World News
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Бишкек–Ош жана Бишкек–Манастан башка ички аба каттамдардын баасы туруктуу болот

0

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 2026-жылдан тартып көпчүлүк аймактарга ички аба каттамдардын билет баасы арзан жана туруктуу болорун билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ортодогу айырма Турукташтыруу фондундагы каражаттын эсебинен жабылып турарын жазды. Бул мамлекет башчынын тапшырмасы менен ишке ашырылып жатканын белгиледи.

"Мурдагыдай кайсыл бир аймакка уча турган каттамдын билеттери акыркы саатта кескин кымбаттап кетпейт. Президенттин жеке колдоосу жана кубаттоосунун аркасында өлкөнүн Турукташтыруу фондунун дотацияларынын алкагында "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясынын багыттары боюнча туруктуу, социалдык багыттагы тарифтер менен ички аба каттамдардын тармагы кеңейүүдө. Буга чейин ички каттамдардын билет баасы жүктөмгө, мезгилге жана суроо-талапка жараша белгиленип келген. Мындан улам учуулар туруксуз, баасы боюнча көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликсиз жана алыскы аймактардын жашоочулары үчүн өзгөчө оор болгон. Садыр Жапаровдун чечими менен мамлекет бул жааттагы туруктуулукту камсыздап, чыгымдардын бир бөлүгүн өзүнө алды. Демилге аймактардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга, ички туризмди колдоого, региондордогу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө; өлкөнүн резиденттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Нарын, Талас, Казарманга каттамдар мурда жумасына бир жолу аткарылчу. 4-январдан баштап бул багыттар боюнча жумасына эки жолудан каттам аткарылат",-деп жазды Алагөзов.

Аскат Алагөзовдун билдирүүсүндө Бишкек–Ош жана Бишкек–Манас багытындагы каттамдардын баасы дагы туруктуу болор-болбосу тууралуу маалымат берилген эмес.

2026-жылдын 4-январынан тартып күчүнө кирчү ички каттамдарга баалар:

Бишкек–Талас: 2100 сом, дүйшөмбү жана жума күндөрү
Бишкек–Нарын: 2100 сом, дүйшөмбү жана жума күндөрү
Бишкек–Казарман: 3100 сом, дүйшөмбү жана жума күндөрү
Бишкек–Кербен: 3600 сом, шаршемби жана жума күндөрү
Бишкек–Баткен: 4500 сом, күн сайын
Бишкек–Раззаков: 4800 сом, күн сайын
Бишкек–Каракол: 4000 сом, кышында жумасына төрт жолу (мезгилге жараша)
Ош–Каракол: 5000 сом, жумасына төрт жолу (мезгилге жараша)

Ушул жылдын сентябрь айында "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынын алдындагы "Асман аба жолдору" авиакомпаниясы сатып алган Dash 8-400 үлгүсүндөгү үчүнчү учак Бишкекке жеткирилген жана ички каттамдарга чыга баштары айтылган.

Аталган ишкананын директору Манас Самидинов ушундай үлгүдөгү дагы бир учак жана эл аралык каттамдарга жарамдуу эки самолет сатып алынарын билдирген.

Dash 8-400 үлгүсүндөгү 80 орундуу учактын алгачкысы былтыр алынган жана 27-сентябрдан тарта ички каттамдарга чыга баштаган.
Мамлекеттик авиакомпаниянын ишке кириши менен билет арзандай турганы айтылган. Бирок баага байланыштуу жарандардын нааразылыгы маал-маалы менен көтөрүлүп келген.

"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – "Манас", "Ош", "Ысык-Көл", "Каракол" жана "Баткен" эл аралык, ал эми алтоо – "Жалал-Абад", "Исфана", "Кербен", "Казарман", "Нарын" жана "Талас" аймактык макамга ээ.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России