Добавить новость
103news.com
World News
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30
31

Кадырбек Атамбаев абакта "кемсинтүүчү зомбулукка" кабылып жатканы кабарланды

0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев тергөө абагындагы "Ички тартип эрежелеринин" сакталышын талап кылгандыгы үчүн абак кызматкерлери анын чачын күчтөп туруп такыр кырып салышканын 24-декабрда адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Адвокаттын айтымында, анын чачы ансыз да кырылган, бирок бир нече миллиметр эле өсүп калган.

Кадырбек Атамбаев Токтакунов менен жолукканда ушундай эле мамилеге партия лидери Темирлан Султанбеков да кабылганын, чачты стерилизациядан өтпөгөн устара менен кырып жатышканын айтып берген.

Буга байланыштуу Токтакунов президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, "өтө пастык менен өч алуу деген сөзгө калбаш үчүн" мындай мамилеге, "кемсинтүүчү зомбулукка" жол берген кызматкерлерди катуу жазалоого чакырды.

Ал ошондой эле ички эрежелер тууралуу атайын нускама тергөө абагында көрүнүктүү жерде илинип турушу керектигин, чачты улам ала берүү негизги талап эместигин, бул моралдык да, денеге карата да кемсинтүү болорун, тазаланбаган устара колдонуунун өзү кылмыш экенин айтты.

Ушул эле маселени парламенттин 23-декабрдагы жыйынында Алмазбек Атамбаевдин тун уулу, депутат Сеид Атамбаев айтып чыккан. Ал да "Тергөө абактарындагы ички тартип эрежелери" тергөө абагында отургандарга берилиши керек экенин белгилеген:

"Адамдык сапатка туура келбейт. Жумасына эки жолу чачын алып салуу болбойт. Ошону барып өзүңөр көрүп келсеңер деле болот. Жөнөкөй кызматкерлерде күнөө жок, алар аткаруучу гана".

Жыйынга катышкан өкмөт башчы Адылбек Касымалиев тийиштүү жетекчилер менен жолугуп, тапшырма берерин, Сеид Атамбаевге жообун кийин айтарын билдирген.

Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев Ички иштер министрлиги быйыл 22-ноябрда “бийликти басып алууга” жана “массалык башаламандыкка” айыптап кармаган бир топ кишинин арасындагылар. Алардын жакындары мындай кинени четке кагышкан.

Экөө тең Бишкектеги биринчи тергөө абагында (СИЗО-1) кармалууда.

Президенттик администрация, атайын кызмат жана Жаза аткаруу кызматы Нурбек Токтакуновдун жана Сеид Атамбаевдин айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек. (KS)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России