Добавить новость
103news.com
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Трамп Иран менен соода алака кылган мамлекеттерге 25% бажы төлөмүн киргизди

0

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен соода алака жүргүзгөн мамлекеттерге 25 пайыздык бажы төлөмү киргизилгенин жарыялады.
"Бүгүндөн тартып Иран Ислам Республикасы менен бизнес жүргүзгөн кайсы мамлекет болбосун АКШ менен бардык ишкердик операцияларынан 25% өлчөмүндө бажы төлөмүн төлөйт. Бул буйрук акыркы жана аткарууга милдеттүү", – деп жазды ал өзүнүн Truth Social тармагына.
Bloomberg агенттиги жазгандай, мындай чара АКШнын негизги дүйнөлүк соода мамилесине таасир этиши мүмкүн. Анткени Американын кошуналары гана эмес, алыскы Индия, Түркия, Кытай да Ирандын өнөктөшү болуп саналат.
Дүйнөлүк базарда Ирандын мунайын Кытай эң көп сатып алат. Кытайлык көз карандысыз мунайды кайра иштеткен заводдор өткөн айдан тартып Ирандан мунай алууну көбөйткөн.
Бээжинден келген продукцияларга дагы кошумча 25 пайыздык бажы төлөмүнүн алынышы Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 2025-жылдын этегинде кол койгон соода келишимин бузушу ыктымалдыгын аталган агенттик белгиледи.

Буга чейин Трамп Ирандын башчылары "сүйлөшүүнү көздөп жатканын", бирок АКШ алар менен жолугушууга чейин эле "аракеттене башташы мүмкүндүгүн" жарыялаган.
CNN америкалык эки аткаминерге шилтеме берүү менен Ирандын бийлигине каршы аскердик жана башка ыкмалар менен күрөшүү маселеси тууралуу кеп жүрүп жаткан болушу ыктымалдыгын жазды. Себеби, Трамп АКШнын аскердик соккулары Ирандын элдин бириктириши мүмкүн деп кооптонот. Аскердик эмес чаралар катары жаңы санкцияларды киргизүү, аскердик жана өкмөттүк түзүмдөргө карата киберчабуул, Ирандагы нааразы болгон элди Starlink интернети менен камсыздоо талкууланып жатканы айтылган.
Иранда улуттук валюта - риалдын кескин арзандашына жана инфляциянын өсүшүнө каршы жапырт толкундоолор 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Бийлик өлкөдө интернетти өчүргөнгө чейин толкундоолор 120га чукул шаарга жайылды. Тегеран нааразылык акцияларын курал, күч колдону менен басууга умтулуп жатат. АКШда жайгашкан Human Rights Activists News Agency (HRANA) уюмунун 12-январдагы маалыматына караганда, акциялар башталган эки жумадан бери өлгөндөр 646 кишиге жетти, арасында тогуз бала бар. Ал эми Iran Human Rights уюму 648 киши өлгөнүн кабарлады. Камакка алынгандар 10 миңден ашып кеткени белгилүү болду.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России