Добавить новость
103news.com
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

"Манас" аэропортунда тумандан улам төрт учак каттамы токтотулду

0

“Манас” эл аралык аэропортунунун сайтында көрүнүп тургандай, түркиялык Pegasus жана Turkish Airlines авиакомпаниялары бирден учак каттамын жана атамекендик Tez Jet компаниясы эки учак каттамын токтотту.

Компаниялар бул чечимин түшүндүргөн расмий маалымат тараткан жок. Каттамдар биротоло токтотулдубу же, жылдырылдыбы ал да кабарланбады.

“Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын басма сөз кызматы маалыматты ырастап, “Манас” аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын, компаниялар каттамды токтоткон себебин аларга да түшүндүрбөгөнүн маалымдады. Мекеме тумандан улам аба майдандын учуу тилкесинде 400 метрден 800 метрге чейин көрүү мүмкүн экенин, башка каттамдар штаттык режимде аткарылып жатканын тактады.

"Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын директору Манасбек Самидинов мурдараак "Манас" аба майданында III категориядагы (CAT III) жарык белги берүүчү система орнотулуп жатканын, мындан улам туманда да учактар конуп-уча берерин билдирген. Компаниядан такташкандай, аталган компаниялардын айрым учкучтары бул системага толук туташа элек.

Декабрда Москва-Бишкек багытындагы учак Манас аэропортуна коно албай, Ысык-Көлдөгү Тамчы аба майданына конгондо жаңжал чыкканы тартылган видеолор тараган. Анда айрым жаалданган жүргүнчүлөр абалга нааразы болуп, компьютер өңдүү техниканы талкалап салганы айтылган. Аэропорттун жетекчилиги бул окуяга байланыштуу жергиликтүү милицияга кайрылган жана келтирилген зыянды төлөтүп алуу үчүн иликтөө башталганы маалым болгон. (ErN)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России