Добавить новость
103news.com
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

УКМК реабилитациялык борбордо бейтаптарга ырайымсыз мамиле жасалганын билдирди

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги "Путь в жизнь" реабилитациялык борборунун мыйзамсыз ишине байланыштуу бир нече жаранды кармап, камакка алды.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул адам өмүрүнө жана ден соолугуна каршы кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттердин алкагында ишке ашырылган.
Маалыматка ылайык, аталган реабилитациялык борбор жеке медициналык-психиатриялык мекеме катары аракечтик, баңгизатка жана башка зыяндуу заттарга көз каранды болгон бейтаптарды реабилитациялоого расмий түрдө адистешкен жеке медициналык-психиатриялык мекеме катары мыйзамсыз иштеп келгени аныкталган.

Маалыматка ылайык, реабилитациялык борбордун кызматкерлери - мурдагы бейтаптар, жогорку медициналык билими жок кызматкерлер борбордун жетекчилигинин көрсөтмөлөрү менен жасалма психиатриялык процедураларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

"Бейтаптардын психологиялык абалы өтө оор кезде аларды тынчтандыруу үчүн адамгерчиликсиз ыкмаларды колдонуп, атайын даярдалган каражаттар (бут-колдор үчүн бекиткичтери бар керебет, союл ж.б. кыйноочу аспаптардын түрлөрү, электр шокер, оозун жабуучу каражаттар жана башка буюмдар) менен физикалык күч колдонуп, бейтаптарга орду толгус физикалык жана психологиялык жаракат алып келишкен. Жазанын кошумча чаралары катары баш ийбеген бейтаптарды караңгылатылган терезелер, тосмолору бар "изолятордук" бөлмөлөргө жайгаштырып, тышкы дүйнө менен байланышын чектешкен. Жалаяк кийгизип, даараткана жана жеке гигиена каражаттарын 7-8 сутка бою колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышкан", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Коопсуздук кызматы белгилегендей, ошол эле учурда реабилитациялык ишмердиги үчүн борбор бир бейтап үчүн ай сайын 80 миң сомдон алып турган. Андагы медициналык кызматкерлер кызмат көрсөткөнү үчүн өзүнчө акы алуу схемасына катышканы аныкталган.
Ал эми бейтаптардын жакындары борбордогу дарылоо ыкмалары тууралуу маалыматы болгон эмес.

Атайын кызмат билдиргендей, бул кылмышка катышы бар делген: И.Р.К., М.Дж.Н., Е.А.В., М.И.М., М.В.А., Т.Ч.А., К.К.И. жана Х.С.В. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.

УКМК бул адамдардын аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды 0312530301 телефону аркылуу кайрылууга чакырды.
Аталган борбордун өкүлдөрү маалымат бере элек. (ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России