Добавить новость
103news.com
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкекте вебкам уюштурууга шектүү бир нече адам кармалды

0

Бишкекте вебкам, сойкулук жана башка бузукулук иштерин уюштурууга жана ага көмөктөшүүгө шек саналып А.А.А., Б.Б.С., Э.А.Э. жана О.Э.К. аттуу жарандар кармалганын 21-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүүлөр Казакстанда да вебкам студиялар тармагын уюштуруп, алардын иштөөсүн камсыздап турушкан, иш-аракеттерин жашыруу жана маалыматты жашыруун сактоо максатында Бишкектин булуң-бурчтарынан батирлерди ижарага алышкан.

Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык костюм жана атрибуттар, сексуалдык мүнөздөгү онлайн берүүлөрдү жүргүзүүгө арналган буюмдар табылып, алынган.

"Аталган адамдардын тобу негизинен вебкам кызматтарын көрсөткөн интернет-платформаларда, тактап айтканда, “Chaturbate” (CB), “Stripchat” (strip) жана “BongaCams” аркылуу онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, ал жерден кылмыштуу кирешелер алардын “Binance» крипто капчыктарына которулган", - деп жазылган маалыматта.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул мыйзамсыз ишке шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлгөн. Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана башка ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Кыргызстанда 2024-жылы кабыл алынган мыйзам менен сойкулукту жана бузукулукту интернет аркылуу түз эфирде (онлайн) атайын платформа (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу, көмөк көрсөтүү жана сойкулук менен алектенүү кылмыш болуп саналат.

Вебкам бизнеси менен алектенгендер бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылат же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат. Андай жосунду уюштурган адамдар тобунун мүлкү конфискациялоо менен 300 миң сомго чейин айып пул төлөйт же беш жылга чейин камалат. Кылмыштуу топ уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазылган.

2021-жылы “Азаттык” радиосу “Кыргызстандагы вебкам-студиялардын караңгы дүйнөсү” деген иликтөөсүн жарыялаган. Анда чоң каражат айланган вебкам-студияларда талкаланган тагдырлар, Телеграм топтордогу ормон опуза кылгандардын жосуну иликтенген.

Вебкам-студияларга ээлик кылган Даниэл Ажиев 2024-жылы тогуз жылга соттолгон.(ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России