Бишкекте кыз мейманканада бычактан алган жаракатынан каза болду
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордо мейманканалардын биринде кыз бычак жеп каза болгонун билдирди.
Шаардык милициянын маалыматында 26-январда Кулиев көчөсүндө жайгашкан менчик мейманканалардын биринде эркек киши кызды бычак менен сайып жиберип, ал алган жаракатынан окуя болгон жерде каза тапканы тууралуу маалымат түшкөн.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыз менен бала (Д.М. жана Р.Э.) спирт ичимдиктерин ичип отуруп чырдашып кеткени аныкталган. Маркум баланы бычак менен колуна жаракат келтиргени, кийин шектүү кызды моюнга сайып салганы такталган.
Бул факты боюнча Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. (BTo)
