Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2026
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Кытайдын экс-юстиция министри паракорлукка айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылды

0

Кытайдын мурдагы юстиция министри Тан Ицзюнь пара алуу боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 2-февралда Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сот Тан Ицзюнь 2006-жылдан 2022-жылга чейин мыйзамсыз түрдө 137 миллион юандан ашуун (болжол менен 19,7 миллион доллар) мүлк жана акча каражаттарын коррупциялык жол менен алганын аныктаган.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жерлерди кайра сатып алуу, банктык насыяларды берүү жана сот иштерин чечүү сыяктуу маселелерде айрым уюмдарга жана жеке адамдарга артыкчылык түзүп бергени маалымдалды.

Соттун чечими мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу жарыяланды.

Кытай бийлиги акыркы жылдары жогорку кызматтагы аткаминерлердин арасында коррупцияга каршы кампанияны күчөтүп келет.

Соттун чечими менен Тан Ицзюнь өмүр бою саясий укуктарынан ажыратылып, анын бардык жеке мүлкү конфискацияланганын мамлекеттик CCTV телеканалы маалымдады.

64 жаштагы Ицзюнь эмгек жолун Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясында баштаган. Ал бул аймакта 30 жылдан ашуун иштеп, Коммунисттик партиянын облустук комитетинин төрага орун басарына чейин көтөрүлгөн. Кийинчерээк Ляонин провинциясынын губернатору болуп иштеп, 2020-жылы юстиция министри болуп дайындалган.

Тан Ицзюнга 2024-жылдын апрелинде "тартипти жана мыйзамды олуттуу бузган" деген шек менен тергөө иши ачылган. Бул термин Кытайда адатта коррупциялык кылмыштарга карата колдонулат. Ошол эле жылы ал Кытай Коммунисттик партиясынын катарынан чыгарылган.

Бул өкүм Кытайдын президенти Си Цзиньпин коррупцияга каршы кеңири кампаниясын улантып жаткан маалда чыгарылды. Акыркы жумаларда бул өнөктүктүн алкагында бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлер жоопкерчиликке тартылган.

Өткөн дем алыш күндөрү Кытайдын коррупцияга каршы көзөмөл органы Өзгөчө кырдаалдар министри Ван Сянси боюнча тергөө иши башталганын да кабарлады.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России