Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Президент Жапаровдун популизм тууралуу сыны, парламентте айтылган каяша

0
Кундузбек Сулайманов депутаттык топтун лидери катары 10 мүнөттүк убакыт алып, атайын билдирүү жасады.
Садыр Жапаровдун сынына жооп берип жатып, айдоочуларды даярдоону өзгөртүүдө коомчулуктун пикири эске алынышы керектигин, болбосо нааразылык көбөйөрүн, парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда чыңалуу жараларын айтты.

"Биздин негизги милдетибиз - элдин үнүн бийликке жеткирүү. Биз айткандан аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Жок дегенде элдин нааразылыктарын эске алуу менен мамиле кылуу керек. Биздин айткан сөзүбүздү, элдин үнүн популист катары кабыл алсак, анда кандай болот? Жакында бул тармакта иштеп кеткен адам катары мен да айдоочулукка он ай окутууну көп деп айттым эле. Бул менин эмес, элдин айткан ою. Бүгүнкү күндөгү авариялардын салыштырмалуу көп болуп жатканы, анда адам өмүрлөрү кыйылып жатканы баарыбызды ойлондурат. Ар бирибиздин үй-бүлөбүздө жок дегенде жакын туугандарыбыз бар. Каза таппаса дагы, жараат алгандар, майып болуп калгандар бар. Ар бирибиз күйүп жатабыз. Биз микрофонго чыгып айтып жатканда өзүбүздүн оюбузду гана, жеке пикирибизди гана сунуштаган жокпуз. Ар бирибиздин, жүздөгөн, миңдеген шайлоочуларыбыз бар, ошолордун сөзүн айтып жатабыз. Мен өзгөртүүлөргө каршы чыккан жерим жок. Ошол эле маалда биз сунуш айтып жатабыз. Элдин нааразычылыгын көбөйтпөгүлө. Эч убакта биз этикадан чыкпасак... Ушул жерде отурган 87 депутаттын бирөөсү дагы аткаруу бийлигин "акмак" деп айткан жок. Элди ойлобогон бийлик болду деп айткан жокпуз. Дагы иштеген жерде кемчилик болот. Болбой койбойт. Ошол кемчиликтерди да түздөп коёлу деген эле ой болду. Депутаттар менен аткаруу бийлигинин ортосундагы мамилени ушундайда басып калышыбыз керек. Мына кечээ күнкү комитеттерди көрүп жатасыздар. Депутаттардын айткан сындарын көрүп жатасыздар. Ушуну чечип албасак болбойт. Бул күндөн күнгө дагы өөрчүй бериши мүмкүн".

Кундузбек Сулаймановду парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу дагы колдоду. Ал бийлик бутактарынын ортосунда сөзсүз сый болушу керектигин белгилеп, парламенттин орду мамлекет үчүн маанилүү экенине токтолду.

“Бир депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо эч кимге аброй алып келбейт. Анткени, депутат элдин өкүлү, анын микрофону бар. Депутатка эл көйгөйдү айт, маселени көтөр деп беш жылга мандат берген. Биз аткаруу бийлигин бардык маселеде колдоп, зарыл мыйзам долбоорлорун кабыл алып берип жатабыз. Ошол эле учурда парламентке да аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле көрсөтүлүшү керек. Аткаруу бийлиги айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарат деген ойдомун. Эч качан парламент мажирөө болуп, микрофонсуз калып, баары боло берет деген мамилеге татыктуу эмес. Парламенттин ар дайым өзүнүн орду болгон жана мындан ары да боло берет”, - деди спикер.


Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоодогу реформаны сындаган депутаттар тууралуу 3-февралда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна (мурдагы "Унаа" ишканасы) барганда айткан. Анда айрым эл өкүлдөрү териштирбей туруп, “элге жагыныш үчүн ал маселенин туура-катасына карабай сүйлөп коюп жатат” деп билдирген. Ошол эле маалда мындай учурда алгач нааразы болгон тарап менен өкмөттү чакырып, маселени чогуу талкуулап алууну сунуштаган.

“Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетем. Бир нерсени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекет менен элге пайдасы кандай экенин карап чыгуу керек. Мамлекет туура эмес кылып жатса, анда мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен дагы эки жолу депутат болгом. Эч качан микрофонго чыгып алып, популисттик кылып кыйкырчу эмесмин. Кой, эртең уят болуп калбайын деп далилдеп алып туруп, чынында элге каршы болсо, маселе болсо алып чыгат элем”, - деди Жапаров.

Жогорку Кеңештин 28-январдагы жалпы жыйыны учурунда айдоочуларды даярдоодогу өзгөрүүлөрдү депутаттар Жанарбек Акаев, Кубанычбек Конгантиев, Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов көтөрүп, Президенттин иш башкармалыгынын аракеттерин сынга алган эле.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын президенттин сөзүн комментарийлеп, жооп бергени дароо талкууга түштү. Соңку жылдары парламентте, айрыкча бийликти колдогон депутаттар арасында өлкө башчысынын айткандарына жооп кайтаруу сейрек болуп калган. Дал ушундан улам парламент көз карандысыздыгын жоготту деген сындардын бутасында калган.

Талдоочу, журналист Адил Турдукулов президенттин соңку сынына парламентте реакция жасалганы туура болду деп эсептейт.
"Парламенттин үч негизги функциясы бар да. Биринчи, көзөмөл функциясы ошол өкмөттүн ишин көзөмөлдөйт, мыйзам чыгарат жана элдин үнүн жеткирет. Эми учурда мыйзам чыгаруу жагынан дагы, көзөмөл жагынан дагы абдан эле аксап жатат. Мыйзам жагынан дагы, ошол басым аркылуу дагы мындай аткаруу бийлигине туруштук бере албай жатат. Азыр аларда элдин үнүн жеткирүү деген эле функциясы калды окшойт. Бирок ошол жактан дагы алардын бутка чаап, сүйлөбөгүлө, популист болбогула дегени анча туура эмес нерсе болот деп ойлойм да. Анткени парламент дүйнө жүзү боюнча популисттик орган. Популисттик дегендин маңызы ошондо да. Ошол эл айткан кепти бийликке парламент трибунасында жеткирүү. Анан ал функциясын дагы чектеп койсо парламент деген формалдуу функцияларды аткарып алат да. Ошондуктан депутаттын дагы кичине болсо да каяша айтканы абдан жакшы, буга да жүрөк керек, буга да эрк керек. Ошондой депутаттар көбүрөөк болсо экен гана ниет. Кундузбек Сулайманов ошол үчүн депутат болуп келди да. Ал элдин арыз-муңун жеткирет. Эгер элдин арыз-муңу парламентте айтылбаса, эртең эле шайлоого барам деген талапкерлер да азайып калат. Депутат болуп келгенден кийин аларга кандайдыр бир сын пикирлерди айтып турууга, аларды тескерисинче колдоого жол ачып бериш керек деген ойдомун".

Саясатчы Мавлян Аскарбеков автомектептерден улам жаралган талкууну саясий окуялар менен байланыштырды.
"Конституция боюнча парламент бул бийликтин бир бутагы болуп эсептелет, ал эл тарабынан шайланган. Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук сакталышы керек. Тилекке каршы биз өткөн чакырылышты дагы көрдүк. Эми азыркы чакырылышты дагы көрүп жатабыз. Экинчиден, Кундузбек Сулайманов кимдин досу экенин, спикер Нурланбек Тургунбек уулу кимге жакын экенин, кандай жол менен депутат болуп келгенин, биз саясатчылар жакшы билебиз. Ошондуктан алардын каш кайрап жатканы дагы жөн эмес. Түпкүлүгүндө чоң саясий күрөш башталуу алдында тургандай. Президенттин администрациясында тырмакчадагы "реформаторлорго" каршы аракеттер, кээ бир активисттердин, саясатчылардын Конституция, шайлоо тууралуу ойлору, берген комментарий, маектери алдыдагы чоң саясий окуянын башталашындай туюлат".


Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон. Анын алдында, Президенттин иш башкармалыгы Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен.
Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганы белгилүү болгон. Менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тартып иши токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.

Алар 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан. Ошолордун ичинен менчик эки автомектептин ээсине Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон, бири эки айга камакка алынган. Алардын жакындары, жактоочулары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России