Добавить новость
103news.com
World News
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Бишкекте дарыгерлер кесиптешинин бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп жатышат

0

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылып, 18-февралда кармалган кесиптеши - аталган оорукананын дарыгери Насира Бейшебаеванын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүштү. Дарыгерлер Бейшебаевага тагылып жаткан айып боюнча иликтөөнү калыс жана адилет кароону суранышты.

18-февраль күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун нефролог дарыгери Насира Бейшебаева кармалган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) дарыгер аталган ооруканада мурда дарыланган бейтап баланын энесинин арызы боюнча кармалганын билдирген. Апасы милицияга 2024-жылы 13 жаштагы кызы аталган ооруканада туура эмес дарылоонун кесепетинен оң бутун кестирүүгө мажбур болгонун айтып кайрылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү ("Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу - Этиятсыздыктан оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертизалардын корутундусу менен дарыгер Бейшебаевага айып тагылган. Дарыгер кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Дарыгердин кармалышын Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз кесиптик кошуун башчысы Бермет Барыктабасова соцтармактагы баракчасында сынга алды. Ал кандайдыр бир оорунун оор натыйжасы үчүн бир эле дарыгерди күнөөлөө адилетсиздик болорун белгиледи. Ал "күнөөлүү врачты" издөөдөн мурун жалпы саламаттык сактоо системасын бекемдөөнү сунуштады.
Кыргызстанда бейтаптардын өлүмү же башка себептер менен дарыгерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурлар мурда да катталып келген.
Ошол эле учурда бейтаптардын жакындары медицина кызматкерлерине күч колдонуп, сабаган учурлар да арбын.(ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России