Добавить новость
103news.com
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ЖК депутаттары трибунаны жеке максатта колдонбоону сунуштап, кайым айтышты

0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев парламенттин трибунасын жеке максатта, таарынычын айтуу үчүн эмес, мамлекеттик маселелерди, мыйзам, чоң долбоорлорду талкуулоо үчүн колдонуу керектигин айтты.
"Жети-Өгүз, Тоң, Каракол шаарынан депутат болуп келди. Ошол жактагы бала бакча, суу, мектеп деген көйгөйлөр толтура. Ошолор тууралуу бир маселе айтпай, ушул жерде Эрулан мырзаны угуп отура беребизби? Урматтуу төрага, сиз дагы калыстык кылып, эмне маселе көтөрө турганын тактап, анан 10 мүнөт убактыны бериңиз", - деди ал.
Ушундай эле пикирин эл өкүлү Элвира Сурабалдиева да айтып, жеке таарынычын коомчулукка башка форматта жеткирүү зарыл экенин белгиледи.

"Өткөн чакырылышта жеке маселе көтөрүлдү деп мага микрофон бербей коюшкан. Балким, сиздин мамилеңиздер жакшы, мурдагы фракциялашыңыз. Ар бир депутаттын айта турган сөзү көп. Жеке маселе, куугунтук, кеткен кишилер боюнча, бирок ал жеке маселе. Өзүнө тийиштүү маселелерди атайын подкасттар бар, маалымат каражаттары бар, ошол жактан айтыш керек. Бул трибунадан шайлоочулардын көйгөйлөрүн көтөрүш керек. Жакында болгон окуяга байланыштуу мен деле тепкиге алындым. Бийликти мактап жаткан блогерлер тепкилеп жатат, УТРКдан фейк маалымат чыгарып жатат. Ал боюнча мен тийиштүү кызматтарга кат жолдойм, муну иликтөө жүргүзүш керек. Бирок мен бул жерде таарынып, менин аброюма шек келтирип жатасыңар деп айта албайм. Бул трибуна башка үчүн", - деди Сурабалдиева.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов борбордук трибунадан 10 мүнөттүк убакыт сурап, айрым журналист, блогерлерди такталбаган маалымат таратууга айыптаган. Бир тараптуу кабарларды жарыялап, ал үчүн "акча алат" деп сындаган.

Ал трибунаны жеке таарынычтарга колдонбоону сунуштаган Түмөнбаевге жооп кайтарып, сөзүн бурмалабоого чакырып, парламент мыйзамды көзөмөлдөй турган орган экенин айтты.

"Акылбек мырза, мен каяктан жана кантип келгенимди жакшы билем. Мен сиздин эмнеге таарынып жүргөнүңүздү жакшы билем, шайлоодо эмне болгонун дагы билем. Ар бирөөңөрдүн кантип келгениңердин баарын билем", - деди Көкүлов.
ЖК төрагасы Маматалиев сөз алуу ар бир депутаттын укугу экенин жана ал добушка коюлганын айтты.
Эрулан Көкүлов Жогорку Кеңештин 29-январдагы отурумунда борбордук трибунада Ысык-Көлдөгү мамлекеттик “Аврора” санаторийинин ашканасынын абалы тууралуу сүйлөгөн.

Ал эс алуу жайын текшерип, видеого тартып кеткенден кийин санаторийдин жетекчиси жооп катары элди адаштырган тасма жарыялап, аны айрым жалпыга маалымдоо каражаттары чыгарганын сынга алган. Ошондой эле “Авроранын” жетекчилигинин видеосун жарыялаган айрым ЖМК аттарын да атаган.

2025-жылы ноябрда өткөн шайлоодо Көкүлов №28 округдан депутат болуп шайланган. (КЕ)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России