Астанадагы көк бөрүнүн жарым жыйынтыгы. Алдыга озуп чыккан өлкөлөрдүн тизмеси
Бүгүн Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнү соңуна чыкты. Өлкө намысын талашып жаткан улуттук курама команда Монголия, Өзбекстан, Түркия өлкөлөрү менен таймашып чоң айырма менен жеңип келе жатат.