Алмазбек Атамбаевдин жаңы ыр-клиби чыкты
![Алмазбек Атамбаевдин жаңы ыр-клиби чыкты](https://gdb.rferl.org/37D0BA55-CFF1-4FBB-B90B-5FA5D63F6052_cx54_cy6_cw45_w800_h450.jpg)
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Жаңы жыл” аттуу ыр ырдады. Аталган ырдын клиби "YouTube" порталына кечээ 27-декабрда жайгашкан. Маалым болгондой ырдын автору Атамбаев өзү болсо, ырга аранжировка "Ekarecords" студиясында жазылган.
Клиптин режиссеру Мирлан Саткынбаев жана экинчи режиссер Эрнист Үмөталиев болгон. Учурда клипти 70тен ашык киши көрдү.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкө башчылыгынан кеткенден кийин көбүрөөк ыр жаза турганын айткан. Ал өлкөнү башкарып турганда да бир нече ыры жарык көргөн. (SDz)