Масалиев: Өкмөттүн жетекчилигине чара көрүү керек
![Масалиев: Өкмөттүн жетекчилигине чара көрүү керек](https://gdb.rferl.org/78E9CF09-D7CE-4A40-9A46-3F4DBEC76294_cx1_cy11_cw47_w800_h450.jpg)
Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин редакциясында ката кетиргени үчүн өкмөт жетекчилеринин жоопкерчилиги каралууга тийиш.
Мындай пикирин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөт саясий ката кетирди, ал үчүн премьер-министр баш болуп жоопкерчилик тартышы керек.
Депутат бул маселе боюнча парламенттин тиешелүү комитети карап чыгышы керек деп сунуштады.
Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн. Бирок Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 1-январдан тарта күчүнө кириши керек. Дал ушул катаны оңдоо үчүн парламент кезексиз жыйынга чогулуп жатат.
Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев бул ката өкмөттүн аппаратынан кеткенин билдирип, депутаттардан кечирим сурады.(BkA)