Парламент кезексиз жыйынга чогулат
![Парламент кезексиз жыйынга чогулат](https://gdb.rferl.org/0581578E-9FDB-4E68-90EC-5D5B5ABE2845_w800_h450.jpg)
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, кезексиз жыйынды парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков чакырып, күн тартипте «Евразия экономикалык биримдигинин Бажы Кодексине» президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоору каралат.
Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн.
Бирок Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 1-январдан тарта күчүнө кириши керек. Дал ушул катаны оңдоо үчүн парламент кезексиз жыйынга чогулуп жатканын Жогорку Кеңештеги депутаттар кабарлашты.