Жээнбеков ЕАЭБнын Бажы кодексине кол койду
Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексин ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү бүгүн парламент кезексиз жыйында киргизген.
Ага чейин Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн.
Бирок Бажы кодексти ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирерин билишкен парламент дал ушул катаны оңдоо үчүн кезексиз жыйынга чогулду.
Редакциялык катаны өкмөттүн юристтери кетиргени айтылып, депутаттар тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылышты.
ЕАЭБдин Бажы кодекси Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Кыргызстан мүчө болгон уюмдун негизги документтеринин бири.(BkA)