Бишкек-Ош жолундагы унаа тыгыны сакталууда
Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда бүгүн саат 14:00гө карай 70 оор жүк ташуучу унаа турат. Эл ташыган жеңил унаалар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Токтогул районундагы "Арал" постунда 110 оор жүк ташуучу жана 300 жеңил унаалар турат. Унаа тыгыны пайда болгон жерлерде Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барууда.
Акыркы күндөрү кар калың түшкөнүнө байланыштуу Бишкек-Ош жолунда тыгын пайда болгон.(BkA)