Салянованын ооруп калганына байланыштуу сот жылдырылды
Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Аида Салянова жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова кабарлады.
Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаардык сотунда Салянованын иши каралмак. Депутат эртең менен өзүн жаман сезип, Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен жүрөгү ооруганы аныкталып, аны ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынды:
«Жүрөгүндө өнөкөт кемтиги бар экени, аны менен сотко катышмак тургай, басып жүрүү кыйын экенин айтышты. Ооруканага дароо жатуу керек дешти. Бирок кичинекей баласы болгонуна байланыштуу жаңы жылдан кийин жатат», - деди Токтакунова.
Адвокат бүгүнкү соттук отурум 4-январга жылдырылганын кошумчалады.
10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимге ылайык депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт.
Оппозициячыл саясатчыга 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.
Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Бул инстанция да Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырса, БШК Салянованын депутаттык мандатын алуу маселесин карашы мүмкүн.(BkA)