Чүйдө автоинспекторлор катышкан аварияда эки өмүр кыйылды
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда автоинспекторлордун катышуусундагы аварияда эне-баланын өмүрү кыйылды. Окуя 1-июлда таңкы саат төрт жарымдарда болгонун Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.
Маалыматка караганда, башкармалыктын эки кызматкери Боом капчыгайында кезметчиликти бүтүп, автоунаада Бишкекке келатканда каршылаш тилкеге чыгып кеткен "Toyota Avensis" машинеси менен кагылышкан. "Тойотадагы" 1 жашар кыз ошол жерде набыт болгон. Анын апасы, 21 жаштагы келин ооруканада көз жумду. Алар келаткан автоунаанын айдоочусу жана бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Берки унааны башкарып келаткан инспектор да оор абалда Токмоктогу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Салондогу дагы бир инспектордун баш мээси чайкалган.
Башкармалыктын алдын ала божомолуна ылайык, "Toyota Avensis" унаасында келаткандар тойдон кайткан, айдоочу рулда уктап кеткен болушу мүмкүн. Кырсыкты иликтөө, тергөө иштери башталды.
Ушул эле күнү Ысык-Көлгө бараткан жолдо да эки машине кагылышып, эки адам жашоо менен кош айтышкан.
Быйыл жыл башынан берки жол кырсыктарында 230дай адам набыт болду. 2017-жылдагы авариялар 900дөн ашуун өмүрдү жалмаган. (SE)