Нарында 55 миң гектар жерге чегирткеге каршы дары чачылды
Нарында 55 миң гектардан ашуун аянтта чегирткеге каршы химиялык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Облустун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарында жана талааларында пайда болгон чегиртке, курт-кумурскадан өсүмдүктөрдү коргоо максатында 13-июнда аймакта “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.
Айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери бүгүн да уланууда.