Автоунааны жеңилдетилген шартта кайра каттоо мөөнөтү бүгүн аяктоодо
Кыргызстанда ишеним кат менен айдап жүргөн автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо мөөнөтү бүгүн аяктоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, бүгүн каттоо бекеттери кечки саат 10го чейин иштейт.
Үч айлык жеңилдетилген мөөнөт апрелде башталган.
Бул аралыкта өлкөдөгү автоунаалардын жана айдоочулардын базасы такталды.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 1 млн 153 миң чамалуу автонуаа катталган. Алардын 60% ашыгы ишеним кат менен жүрөт.