Мексикадагы президенттик шайлоодо солчул талапкер Лопес Обрадор утту
![Мексикадагы президенттик шайлоодо солчул талапкер Лопес Обрадор утту](https://gdb.rferl.org/3F0E6BE7-328A-43D1-BA94-13C0E381AE14_w800_h450.jpg)
Мексикада жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо солчул оппозициялык блоктун талапкери Андрес Мануэл Лопес Обрадор жеңди. CNNдин кабары боюнча, баштапкы маалыматтарга караганда, ал добуштардын 53 пайызын алган. Калган талапкерлер жеңилгенин моюнга алышты.
АКШнын президенти Дональд Трамп Лопес Обрадорду жеңиши менен куттуктады. Лопес Обрадор президенттик кызматка 1-декабрда киришет.
Улуттук кайра жаралуу кыймылынын (МОРЕНА) өкүлү, 64 жаштагы Лопес Обрадор шайлоо өнөктүгү учурунда “бийликтеги мафия” менен күрөшүүгө жана коррупцияны курутууга убада берген.
Ошондой эле ал Вашингтон менен бири-бирин урматтаган жаңы кызматташтык түзүүгө жана АКШда мыйзамдуу жашап, иштеген мексикалык мигранттардын укугун коргоого ниеттенүүдө.
Апрелде Трамп Мексиканы миграциялык саясатты көзөмөлгө албаганы үчүн айыптаган.
Байкоочулар шайлоодо мыйзамдар одоно бузулбаганын белгилешти. Ошол эле кезде шайлоо өнөктүгү кыянатчылык менен коштолду. Акыркы 10 айда өлкөдө 135 саясатчы өлтүрүлгөн.