Таласта жол кырсыгынан жубайлар көз жумду
Таласта жол кырсыгынан эки адам каза тапты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.
Окуя бүгүн 2-июлда Талас-Тараз унаа жолунун 58-чакырымында болду.
Honda StepWGN жана Audi маркасындагы автоунаалар сүзүшүп, анын кесепетинен жубайлар каза таап, 12 жаштагы небереси оор абалда ооруканага жеткирилгени кабарланды.
Honda StepWGN машинасынын айдоочусу да ооруканада жатат. (AlS)