Минскте тарыхый жайга ресторан ачууга каршы чыккандар кармалды
Советтер Союзун Иосиф Сталин башкарган жылдары Беларуста миңдеген адамдар атылган жердин жанына ресторан ачууга каршы чыккан бир канча активист өткөн дем алыш күнү кармалды. Алардын айрымдарынын соту болуп, активист Павел Северинец жана Ольга Николайчук 10 күнгө камалды.
Павел Северинец - оппозициялык "Беларус христиан партиясынын" теңтөрагасы.
"Европалык Беларус" кыймылынын активисти Леонид Кулаковдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ишемби күнү кармалган эки оппозициялык активист - Денис Урбанович менен Борис Аникеевдин соту кийинчерек болушу мүмкүн.
1-июлда оппозициялык активист Наталья Горячко талаштуу ресторандын кире беришинен кармалган. Анын да соту боло элек.
Оппозициялык активисттер бир айдан ашык убакыттан бери Минсктин четиндеги Куропаты коругунун аймагына ресторан ачууга каршы чыгып келе жатышат. Советтик диктатор Иосиф Сталин башкаруусу учурунда 1930-1940-жылдары Куропатыда 30 миңден ашык адам атылып, көмүлгөн.