Кремль Крымдан башка бардык маселени АКШ менен талкуулоого даяр
Кремль президент Владимир Путин АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп менен Орусия өзүнүн бөлүгү деп санаган Крым аймагынан башка бардык маселени талкуулоого даяр экенин билдирди.
Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 2-июлда Путин менен Трамптын 16-июлда Хельсинкиде өтө турган саммитин утурлай өткөрүлгөн басма сөз жыйынында айтты.
Москва менен Вашингтондун мамилеси 2014-жылы Орусиянын Крымды каратып алышына, анын Сирия согушундагы ролуна жана 2016-жылдагы АКШдагы шайлоого кийлигишкени тууралуу божомолдорго байланыштуу "кансыз согуш" жылдарындагыдай сууп кеткен.
Песковдун айтымында, Путин Крым Орусиянын бөлүгү болгондуктан эч качан сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине киргизилбей турганын бир канча ирет билдирген.
Трамп менен Путиндин жолугушуусу 16-июлда Хельсинкиде болот. Бул - эки лидердин алгач ирет атайын уюштурулган жолугушуусу. Мурда алар эл аралык жыйындардын алкагында жана телефон аркылуу гана сүйлөшкөн.
АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн жумада Путин менен Украина, Сирия маселеси жана шайлоо темасы талкууланарын билдирген. Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "мен аны менен бардык нерсе жөнүндө сүйлөшөм. Украина, Сирия, шайлоо тууралуу сүйлөшөбүз. Биздин шайлоолорго башкалардын кийлигишүүсүн каалабайбыз" деген. Аннексияланган Крымды Орусиянын аймагы деп таануу боюнча суроого "көрөбүз" деп жооп берди.
Европа Биримдиги, АКШ жана башка мамлекеттер Орусиянын Крымды аннексиялап алганына жана 10 миң адам өлгөн Украинанын чыгышындагы согуштагы ролуна байланыштуу санкцияларды киргизген.