Өкмөт казак элчиси менен кызматташуунун жаңы баскычын талкуулады
Премьер-министр келечекте өз ара кызыкчылыктарды жараткан эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу маалымдады. Ал ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосунда бардык деңгээлде жемиштүү саясий-экономикалык диалог түзүлгөнүн белгиледи.
Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак мамлекет башчылары тарабынан соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүү боюнча милдеттер аныкталганына, буга байланыштуу иштер жүрүп жатканына токтолду.
Казакстандын элчиси Карим Кокрекбаев өкмөт башчы менен жолугууда эки өлкөнүн министрликтери жана мекемелеринин ортосунда натыйжалуу кызматташуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын айтты. Элчи ошондой эле эки жактуу чек ара кызматташтыгы, ошондой эле инвестицияларды тартуу маселелерин илгерилетүү ниетин билдирди.
Ошону менен бирге Карим Кокрекбаев Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Казакстандын аймагында өткөрүлө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди. (ErN)
