Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Отунбаева: Конгантиевдин ишин сот чечиши керек эле

0
Саясатчы Азимбек Бекназаровдон кийин экс-президент Роза Отунбаева да мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин сотко жетпей кыскарышы боюнча билдирүү жасап, муну кескин айыптап чыкты.


Отунбаева бул иштин токтотулушу президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы жарыялаган аёосуз күрөшүнүн фонунда орунсуз көрүнүш экенин жарыялады.


"Конгантиевдин ишин жаап койгондор, анын ишин артык кылам деп кайра тыртык кылды. Канча жыл өтсө да Таласта 2010-жылдын апрель айынын биринчи аптасында болгон окуянын жүрүшүн жана себебин баарыбыз билишибиз керек. Ошол күнкү окуялар түрдүү документтерде жазылып калганы күмөнсүз. Бул маселелер ошол тарыхый окуяларга кайрылууда ар кайсы контекстте көтөрүлгөн жана каралып келе жатат. Биздин төңкөрүштөр жөнүндө кеп кылып жатып, “жамандыкты унуткан жакшы, ал артта калсын жана кайталанбасын” деген болбойт. Кайталанышы мүмкүн, анткени окуя иликтенген эмес жана андан сабак алынган жок”,-деп айтылат экс-президенттин билдирүүсүндө.


Мурдагы мамлекет башчы андан ары сегиз жыл мурдагы окуяларды баштан аяк сүрөттөп, журналист Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү, активист Сыргак Абдылдаевдин ур-токмокко алынышы, Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү, генерал Исмаил Исаковдун камалышы сыяктуу окуялар ошол төңкөрүшкө алып келгенин эскерет.  


“6-апрелде Таласта өтө турган курултайга даярдыктар көрүлүп жатканда бийлик диалогго келбей, активисттерге кысым көрсөткөн. Айдын башталышында эле милиция кызматкерлери курултайга элди барбагыла деп эскертип, коркуткан. Таластагы болуп жаткан окуяга чара көрүү үчүн ошол кездеги ички иштер министри Конгантиев жөнөтүлгөн. Ал бараары менен тартипти сактоо үчүн шашылыш, катуу чара көрүүгө буйрук бере баштаган. Натыйжада эл толкуп, кырдаал курчуп кеткен. Соңунда Бишкекте күнөөсүз адамдар кырылганын көргөн эл офицерлерге, Конгантиевге кол салган. Ошондон кийин Конгантиевдин ур-токмокко алынган сүрөтү дүйнө жүзүнө тарап кеткен. Конгантиев катуу жабыркаган үчүн ал суракка алынбай, тергөө иштери жүргөн эмес. Бул иштер тынч мезгилдер үчүн калтырылып келген эле. Бирок баарыбыз күбө болгондой, убакытты жоготкон экенбиз. Эл өткөн бийлик тарабынан козголгон резонанстуу иштерге жаңы бийлик реакция кылат деп чыдамсыздык менен күтүп жатат. Ушундай шартта Конгантиевдин ишин тергөөсүз жана сотсуз, элди кимсиң дебей, жаап жатышат”,-дейт Отунбаева.


Ал ошондой эле экс-министрдин иши сөзсүз тергелиши керектигин белгилейт:


“Конгантиевдин иши - 2010-жылы апрель айында Таласта болгон окуянын тамырын жана себептерин иликтөөгө алып бармак. Ошондуктан Молдомуса Конгантиевдин иши соттук териштирүүдөн өтүшү керек жана анын тагдырын сот гана чечиши керек. Элдин баары эмгек өргүүгө кеткен кезде өлкөнүн тарыхында кала турган жана сынга алына турган ишти унчукпай жаап коюу туура эмес”.


Кечээ, 10-июлда экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров мурдагы ички иштер министри Молдомуса Контантиевдин кылмыш ишин кыскартууну сындап чыккан. Ал муну “мыйзамсыз чечим деп атап, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев да буга реакция кылышы керектигин эскерткен.


Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши айыпталуучунун кадамдарында “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылган. Муну алгач, 5-июлда Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов билдирип, кийин УКМК да ырастаган.


Башкы прокуратура 2010-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон. (ErN)






Губернаторы России





Губернаторы России
103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России