Сооронбай Жээнбеков Талас облусун кыдырат
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барат.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Жээнбеков залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов туулган Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат.
Ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштерин көрөт.