НАТО: Орусиянын агрессивдүү аракети коопсуздукка коркунуч жаратууда
![НАТО: Орусиянын агрессивдүү аракети коопсуздукка коркунуч жаратууда](https://gdb.rferl.org/6706636A-B86D-43BF-B460-6D956FB2B171_w800_h450.jpg)
Брюсселде 11-июлдагы саммиттин жыйынтыгында Түндүк Атлантикалык альянска мүчө 29 өлкөнүн лидерлери биргелешкен декларация кабыл алышты.
Анда Орусиянын Крымды аннексиялоо, Украина чыгышындагы абалды туруксуз кылуу, НАТО өлкөлөрүнүн чек арасына жакын аймактарга жаңы аскердик техника жайгаштыруу жана шайлоолорго кийлигишүү аракеттери аймактагы абалга терс таасир этип жатканы белгиленген.
Ошондой эле НАТО өлкөлөрү "Солсберидеги ууландыруунун артында Орусия турат" деген Британиянын чечимин кубатташкан.
Декларацияда уюмдун мүчөлөрү Орусияны Грузия, Молдова жана Украинанын аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө жана Минск келишимдерин толук аткарууга чакырышкан. Орусия позициясын өзгөртсө, Москва менен диалогго барууга даяр экенин да белгилешкен.
Маалыматка караганда, НАТО өлкөлөрүнүн баары тең коргонууга ички дүң продукциянын 2 пайызын бөлүүгө аракеттенет.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп союздаштарын коргонууга тиешелүү деңгээлде "акча сарптабай жатат" деп айыптап чыкканы белгилүү.