Он жаштагы секелекти зордуктоого шектүү кармала элек
Сокулук районунда он жаштагы секелектин зордукталганы боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кармала элек. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева "Азаттыкка" билдиргендей, шектүүнү издөө иштери уланууда.
- 10-июлда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө бул факты катталып, Кылмыш кодексинин 130-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Милиция тарабынан ыкчам издөө иштери, кылмыштын бетин ачуу аракеттери жүргүзүлүп жатат.
Маалыматтарга караганда, окуя 10-июлда күндүз Сокулуктун базарында болгон. Кыздын жакындары базарда соода кылган энесине жардамдашып жүргөн секелек дааратканага барганда зордуктоого кабылганын айтышкан.
Милиция билдиргендей, аймакта бул жумада жашы жете элек зордукталды деген дагы бир окуя орун алды. Жайыл районундагы Степное айылынын тургуну 7-июлда он беш жаштагы кызды ала качып, андан кийин "зордуктаган" деп шектелүүдө. Милицияга кыздын атасы арыз менен кайрылып, зордуктоо болгонун маалымдаган. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 23 жаштагы шектүү жаранды кармаган. Бул факты боюнча 129 ("Зордуктоо"), 154-("Жашы жете элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо") беренелеринин негизинде кылмыш иш козголгон. Азыр соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканы кабарланды.