Азербайжан: полиция кызматкерин өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири камалды
Азербайжандын полициясы "нааразылык акциясында эки полиция кызматкерин бычактаган" деген шек менен издөө жарыяланган эки кишинин бирөө кармалганын билдирди. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги экинчи киши изделип жатканын кошумчалады.
10-июлда Гянжа шаарында 200дөй киши жергиликтүү бийликтин имаратынын алдына чогулганда полиция менен кагылышуу болгон. Полиция 40 кишини кармап, чогулгандарды күч менен таркаткан.
Президент Илхом Алиевдин жардамчысы Али Хасанов нааразылык акциясын өлкөгө “дүрбөлөң салуу” аракети катары баалап, элди козгогондор жазаланарын айтты.
Өткөн жумада Гянжа шаарынын башчысы Элмар Валиевге кол салуу болуп, мэр жана анын жансакчысы жарадар болушкан. Бул үчүн Ирандан окуп келген жана исламчыл радикалист катары шектүү болуп эсептелген Сафаров аттуу адам кармалган. Ага нааразы болгондор 10-июлда шаарда акция өткөрүүгө элди чакырышкан. Прокуратура Сафаровду "өлкөдө башаламандык жаратуу үчүн теракт уюштурууну көздөгөн" деп айыптап жатат.