Таштандыны азайткысы келген замандаштар
Желимдин көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн майда бөлүкчөлөрүн азыр океандын түбүнөн тарта, Антрактидадагы айсбергдерден, адам ичкен суудан, жеген тамак-аштан тапса болот. Желим киши буту баса элек жерлерге чейин жетип, учурда экологиялык чоң көйгөйгө айланып баратканы талашсыз. Мындан улам дүйнөдө таштандысыз жашоого өткөндөрдүн саны арбып баратат. Zero Waste же таштандысыз жашоо - бул ичкен тамактан, колдонгон турмуш-тиричиликте чыккан таштандыны азайтуу же аны такыр токтотуу, калдык чыгарбай, жашыл жаратылышка зыян келтирбей, аны көздүн карегиндей сактоо дегенди билдирет.